Фридом брокер IPO аркылуу инвестицияларды тартуу маселелерине арналган тегерек столго катышты
Новости
11 сентября 2025, 16:05
«Фридом брокер» өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жана Кыргыз фондулук биржасы тарабынан уюштурулган тегерек столдун алкагында «Кыргыз Республикасынын фондулук рыногундагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө» аттуу презентацияны баяндады. Иш-чара мамлекеттик үлүшү 50%дан жогору болгон акционердик коомдордун жетекчилери үчүн өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров белгилегендей: «Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин негизги приоритеттеринин бири фондулук рынокту өнүктүрүү болуп саналат. Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү планына ылайык, өлкө ички дүң продукцияны 30 миллиард АКШ долларына жеткирүүнү көздөп жатат».
Иш-чаранын алкагында «Фридом брокер» компаниясынын каржылык операцияларды эсепке алуу департаментинин директору Ирина Иванова фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү жана компанияларды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу куралы катары жергиликтүү жана эл аралык рынокко (IPO) чыгуу келечеги жөнүндө, жалпы эле өлкөнүн инвестициялык маданиятын өнүктүрүү жөнүндө айтып берди.
Маалымдама үчүн:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы №178 Жарлыгы, Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү планынын VII бөлүмү «Финансылык рынокту өнүктүрүү» боюнча, артыкчылыктуу багыттардын бири болуп реалдуу секторго капитал тартуу үчүн компаниялардын акцияларын алгачкы ачык жайгаштыруу (IPO) жана корпоративдик облигацияларды чыгаруу эсептелет.