Ош жана Манас шаарларында «Фондулук биржанын негиздери» аттуу мастер-класс өттү

Новости

20 октябрь 2025, 15:03

Freedom Broker компаниясы Кыргызстандын түштүк аймактарында — Ош жана Манас шаарларында билим берүүчү мастер-класстардын сериясын ийгиликтүү өткөрдү. Иш-чараларга заманбап инвестиция мүмкүнчүлүктөрүнө жана жеке каржылык өсүүгө кызыккан ондогон катышуучулар чогулушту.

Мастер-класстын негизги максаты — калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу жана инвестициялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү болду. Freedom Broker компаниясынын өкүлдөрү катышуучуларга фондулук рыноктун иштөө механизми, инвестициялык инструменттер жана ар бир адам дүйнөдөгү ири компаниялардын — Apple, Amazon, Tesla жана башкалардын акционери боло алары жөнүндө айтып беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө адистер төмөнкү негизги темаларды камтышты:

  • кантип коопсуз түрдө инвестиция баштоо керек;

  • инвестициялык портфелди түзүүнүн негиздери;

  • дүйнөлүк рынок кыргыз жарандарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет.

«Биз эл арасында инвестицияга болгон чоң кызыгууну жана акчанын кандай иштээрин түшүнүүгө болгон умтулуусун көрүп жатабыз. Биздин миссия — ар бир адамга инвестиция бул тандалгандар үчүн гана эмес, ар кимге жеткиликтүү инструмент экенин көрсөтүү», — деп Freedom Broker Кыргызстан компаниясынын директору Медет Назаралиев белгиледи.

Ош шаарында мастер-классты ачуу аземинде Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк аймактык башкармалыгынын жетектоочу адиси Назеков Дастан куттуктоо сөзүн сүйлөп, жөнгө салуучу органдын жүргүзүп жаткан иштеринин жыйынтыктары менен бөлүштү.

Манас шаарындагы иш-чарада катышуучулар менен ошол эле кызматтын башкы адиси Эргешев Жанибек жолугушуп, Freedom Broker компаниясынын Кыргызстандагы фондулук рыноктун өнүгүүсүндө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Теориялык бөлүктөн тышкары, катышуучулар практикалык кеңештерди алышып, ошол эле жерде брокердик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту жана адистерге жеке суроолорун беришти.
Көпчүлүк катышуучулар мастер-класстан кийин жеке финансыга болгон көз карашы өзгөрүп, финансылык көзкарандысыздыкка жетүүнүн реалдуу жолдорун көрүшкөнүн белгилешти.

Башкы бет

Freedom Broker Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек ш.,

Ч. Айтматов пр., 243, «А Плюс» бизнес борбору, 9-кабат

+996 312 911-989  Кыргызстанда шаардык телефондордон акысыз, эл аралык жана мобилдик телефондордон - акы төлөнөт

7555 *Кыргызстандагы уюлдук операторлорунан чалуу акысыз, [email protected]

 

 

Бул ресурска карата алдамчылык аракеттер же коопсуздук маселелер болгондо кабарлаңыз: [email protected]

Баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге ээ болуу ар дайым тобокелдиктер менен байланышкан: баалуу кагаздардын жана башка финансылык инструменттердин наркы көтөрүлүп да, төмөндөшү да мүмкүн. Мурунку инвестициялык натыйжалар келечектеги кирешеге кепилдик бербейт. Мыйзамга ылайык, компания келечектеги инвестициялык кирешелерге кепилдик бербейт же убада кылбайт, мүмкүн болгон инвестициялардын ишенимдүүлүгүнө жана мүмкүн болгон кирешенин туруктуулугуна кепилдик бербейт.