ОАО «Кыргызстан аэропорттору» аттуу ачык акционердик коому жөнөкөй аталыштуу акциялардын жетинчи кошумча чыгарылышын жайгаштыруу жөнүндө маалымдайт.
Новости
31 декабрь 2025, 12:05
Акцияларды жайгаштыруу жабык түрдө, 2025-жылдын 31-октябрына карата акционерлердин реестрине катталган Коомдун акционерлеринин арасында жүргүзүлөт.
Акцияларды жайгаштыруунун башталышы — 2025-жылдын 26-декабры
Акционерлер кошумча эмиссиядагы акцияларды өздөрүнө таандык болгон акциялардын санына пропорционалдуу түрдө, бир жөнөкөй акция үчүн 424,0657 сом баада сатып алууга укуктуу.
Жетинчи эмиссиядагы акцияларды сатып алууну каалаган акционерлер ОсОО «Фридом Брокер» брокердик компаниясына төмөнкү дарек боюнча кайрылышы керек:
📍 Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси, 243, «A-Plus» Бизнес-борбору (9-кабат)
Кошумча маалыматты акционерлер 2026-жылдын 12-январынан тартып 7555 телефону аркылуу (чалуу акысыз) ала алышат.
Ошондой эле ОсОО «Фридом Брокер» брокердик эсепти мобилдик тиркеме аркылуу ачууга жана акцияларды сатып алуу үчүн онлайн арыз берүүгө болорун маалымдайт.
1–11-январь күндөрү майрамдык эс алуу күндөрү болгондугуна байланыштуу, толук маалымат алуу үчүн direct аркылуу кайрылууну суранабыз. ОАО «Кыргызстан аэропорттору» аттуу ачык акционердик коому жөнөкөй аталыштуу акциялардын жетинчи кошумча чыгарылышын жайгаштыруу жөнүндө маалымдайт.