«Фридом Брокер» менен «РКФР» ортосунда 20 млн АКШ доллары суммасындагы аталыштуу пайыздык облигацияларды чыгарууну андеррайтинг кылуу боюнча келишим түзүлдү

Новости

13 февраль 2026, 14:35

«Фридом Брокер» менен «РКƟФ» ортосунда 20 млн АКШ доллары суммасындагы аталыштуу пайыздык облигацияларды чыгарууну андеррайтинг кылуу боюнча рамкалык келишим түзүлдү.

«Фридом Брокер» Кыргызстан компаниясынын директору Медетбек Назаралиев Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууда банк секторунун ролуна арналган ишкердик эртең мененки жолугушууга катышты. Иш-чараны Россия-Кыргыз Ɵнүгүү Фонду (РКƟФ) уюштурду.

Жолугушуунун алкагында «Фридом Брокер» менен  РКӨФ ортосунда 20 млн АКШ доллары суммасындагы аталыштуу пайыздык облигацияларды чыгарууну андеррайтинг кылуу боюнча рамкалык келишимге кол коюлду. Чыгарылыш 100 АКШ доллары номиналындагы 200 000 облигацияны жылдык 3,5% чен менен жайгаштырууну карайт. «Фридом Брокер» баалуу кагаздарды жайгаштырууну уюштуруу жана коштоп жүрүү милдеттенмесин өзүнө алат.

Программа каржылоо булактарын диверсификациялоого жана узак мөөнөттүү ресурстарды тартууга багытталган.

Ишкердик эртең мененки жолугушууга мамлекеттик органдардын, банк секторунун жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Программанын алкагында эксперттик жана банк коомчулугунун өкүлдөрү баяндама жасашты.

Башкы бет

Freedom Broker Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек ш.,

Ч. Айтматов пр., 243, «А Плюс» бизнес борбору, 9-кабат

+996 312 911-989  Кыргызстанда шаардык телефондордон акысыз, эл аралык жана мобилдик телефондордон - акы төлөнөт

7555 *Кыргызстандагы уюлдук операторлорунан чалуу акысыз, [email protected]

 

 

Бул ресурска карата алдамчылык аракеттер же коопсуздук маселелер болгондо кабарлаңыз: [email protected]

Баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге ээ болуу ар дайым тобокелдиктер менен байланышкан: баалуу кагаздардын жана башка финансылык инструменттердин наркы көтөрүлүп да, төмөндөшү да мүмкүн. Мурунку инвестициялык натыйжалар келечектеги кирешеге кепилдик бербейт. Мыйзамга ылайык, компания келечектеги инвестициялык кирешелерге кепилдик бербейт же убада кылбайт, мүмкүн болгон инвестициялардын ишенимдүүлүгүнө жана мүмкүн болгон кирешенин туруктуулугуна кепилдик бербейт.