Фридом брокер “Кыргызстан Аэропорттору” ААКнун жөнөкөй акцияларын жабык жайгаштыруусу ийгиликтүү өткөрүлдү

Новости

20 февраля 2026, 09:40

2026-жылдын 20-февралында ОсОО «Фридом брокер» (Freedom Broker) “Кыргызстан Аэропорттору” ААКтын жөнөкөй именной акцияларынын 7-чи кошумча чыгарылышын ийгиликтүү жайгаштырды. Акциялар жашыруун түрдө, компаниянын учурдагы акция ээлеринин арасында сатылды.

2026-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 22 575 790 даана акцияны, жалпы суммасы 9 573 618 386,90 сом деп таанып, жайгаштыруу натыйжаларын расмий түрдө тастыктады.

Бул жайгаштырууда Freedom Broker акцияны сатып алуу боюнча өтүнүчтөрдү цифралык форматта кабыл алды, ошону менен аэропорттун ар кайсы аймактарындагы акция ээлерине жеке катышууга муктаждык жок болуп, аралыктан катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул ыкма заманбап технологияларды колдонууга жана Freedom Holding Corp топтогон тажрыйбага таянуу менен ишке ашырылды. Freedom Holding Corp дүйнөлүк деңгелде санариптик каржылык кызматтардын экосистемасын активдүү өнүктүрүп келет.

Бул долбоордун жүзөгө ашырылышы Freedom Broker компаниясынын Кыргызстандагы фонд базарын өнүктүрүүгө, элге инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана инвестордук маданиятты заманбап технологиялар аркылуу жайылтууга багытталган стратегиясын тастыктап турат.

Кошумча маалымат:
Freedom Broker — бул Freedom Holding Corp компаниясынын структурасына кирген инвестициялык компания. Freedom Holding Corp ар кандай финансылык кызматтарды көрсөтүп, 22ден ашык өлкөдө иш жүргүзөт жана АКШнын Nasdaq биржасында FRHC тикери менен акциялары сатылат.

Башкы бет

Freedom Broker Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек ш.,

Ч. Айтматов пр., 243, «А Плюс» бизнес борбору, 9-кабат

+996 312 911-989  Кыргызстанда шаардык телефондордон акысыз, эл аралык жана мобилдик телефондордон - акы төлөнөт

7555 *Кыргызстандагы уюлдук операторлорунан чалуу акысыз, [email protected]

 

 

Бул ресурска карата алдамчылык аракеттер же коопсуздук маселелер болгондо кабарлаңыз: [email protected]

Баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге ээ болуу ар дайым тобокелдиктер менен байланышкан: баалуу кагаздардын жана башка финансылык инструменттердин наркы көтөрүлүп да, төмөндөшү да мүмкүн. Мурунку инвестициялык натыйжалар келечектеги кирешеге кепилдик бербейт. Мыйзамга ылайык, компания келечектеги инвестициялык кирешелерге кепилдик бербейт же убада кылбайт, мүмкүн болгон инвестициялардын ишенимдүүлүгүнө жана мүмкүн болгон кирешенин туруктуулугуна кепилдик бербейт.