Freedom Broker Кыргызстан Global Money Week эл аралык билим берүү демилгесине катышты.

Новости

30 март 2026, 15:55

Freedom Broker Кыргызстан Global Money Week эл аралык билим берүү демилгесине катышты. Иш-чара Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин  базасында өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында экономикалык багыттагы студенттер үчүн жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана Кыргызстанда инвестициялык маданиятты өнүктүрүүгө багытталган ачык лекция уюштурулду.

Компания тууралуу презентация менен директор Медетбек Назаралиев айтып берди,  каржылык билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи:

«Бүгүнкү күндө жаш муун каржы рыноктору кандай иштээрин жана инвестициялар кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачарын түшүнүүсү абдан маанилүү. Биздин максат — бул инструменттерди ар бир адам үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылуу».

Жолугушуунун жүрүшүндө Freedom Broker Кыргызстан студенттерге өзүнүн инвестициялык продуктусун тааныштырып, эл аралык фондулук рынокторго, анын ичинде АКШ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле мобилдик тиркеме аркылуу инвестициялоону кантип баштоо болорун көрсөтүп берди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргызстан банктар союзу, Альфа-Телеком, Кыргызстандын жаштар кыймылы, коммерциялык банктар жана башка финансылык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Башкы бет

Freedom Broker Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек ш.,

Ч. Айтматов пр., 243, «А Плюс» бизнес борбору, 9-кабат

+996 312 911-989  Кыргызстанда шаардык телефондордон акысыз, эл аралык жана мобилдик телефондордон - акы төлөнөт

7555 *Кыргызстандагы уюлдук операторлорунан чалуу акысыз, [email protected]

 

 

Бул ресурска карата алдамчылык аракеттер же коопсуздук маселелер болгондо кабарлаңыз: [email protected]

Баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге ээ болуу ар дайым тобокелдиктер менен байланышкан: баалуу кагаздардын жана башка финансылык инструменттердин наркы көтөрүлүп да, төмөндөшү да мүмкүн. Мурунку инвестициялык натыйжалар келечектеги кирешеге кепилдик бербейт. Мыйзамга ылайык, компания келечектеги инвестициялык кирешелерге кепилдик бербейт же убада кылбайт, мүмкүн болгон инвестициялардын ишенимдүүлүгүнө жана мүмкүн болгон кирешенин туруктуулугуна кепилдик бербейт.