Ош шаарында Freedom Broker: инвестиция, билим жана практика менен коштолгон эки күн
Новости
12 октября 2026, 11:27
Freedom Broker компаниясы Ош шаарында жергиликтүү тургундардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана инвестицияга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган эки билим берүү иш-чарасын өткөрдү.
Эки күндүн ичинде катышуучулар фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, инвестициялоонун негиздерин үйрөнүп, финансылык чечимдерди кабыл алуу боюнча практикалык тажрыйба алышты.
Биринчи күн — «Инвестордун жолу» мастер-классы
Мастер-класстын алкагында катышуучулар жеке каржыны туура башкарууну, акциялар менен облигациялар кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачарын, инвестициялык жолду эмнеден баштоо керектигин жана финансылык инструменттер менен иштөөдө кандай тобокелдиктерди эске алуу зарылдыгын үйрөнүштү.
Freedom Broker Кыргызстан компаниясынын директору Медетбек Назаралиев иш-чаранын катышуучуларына фондулук рыноктун кеңири мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ал өлкөдөгү фондулук рыноктун өнүгүшү жана инвестициялоонун учурдагы инструменттери менен тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (Финнадзор) төрагасынын орун басары Байыш Дүйшөбаев да куттуктоо сөзүн сүйлөп, финансылык рынокту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары менен бөлүштү. Ошондой эле ал инвесторлорду коргоо, рыноктогу ак ниетсиз жана лицензиясы жок катышуучулардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү маселелерине токтолуп, жарандарга коопсуз инвестициялоо боюнча практикалык сунуштарын берди.
Экинчи күн — «Финансылык дегустация» практикалык оюну
Экинчи күн интерактивдүү окутуу форматына арналды. Катышуучулар практикалык оюн аркылуу инвестиция дүйнөсүнө сүңгүп, финансылык чечимдерди кабыл алуу, мүмкүнчүлүктөрдү талдоо жана тобокелдиктерди түшүнүү боюнча тажрыйба алышты.
«Финансылык дегустация» катышуучуларга инвестициялык рыноктун иштөө логикасын жөнөкөй жана түшүнүктүү формада өздөштүрүүгө, финансылык чечимдер кандай кабыл алынарын көрүүгө жана инвестордун ролун жакшыраак түшүнүүгө жардам берди. Мындай формат жаңы билимдерди алууга гана эмес, аларды практикада колдонууга да мүмкүнчүлүк түздү. Катышуучулар эксперттерге суроолорун берип, кызыккан темалары боюнча жооп ала алышты.
Freedom Broker үчүн мындай жолугушуулар өлкөбүздө инвестициялык маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы болуп саналат. Биз инвестиция тууралуу билимди жеткиликтүү кылууга, татаал финансылык инструменттерди жөнөкөй тил менен түшүндүрүүгө жана адамдарга өз каражаттарын аң-сезимдүү башкарууга жардам берүүгө умтулабыз.