Дүйнөлүк үнөмдөө жумалыгына карата Freedom Broker Кыргызстан студенттер үчүн атайын тарифти ишке киргизет

Новости

29 октябрь 2026, 13:59


2026-жылдын 29-октябрынан тартып Freedom Broker студенттер үчүн атайын шарттарды камтыган «Студенттик» тарифин ишке киргизет. Бул тариф фондулук рыноктордо бүтүмдөрдү жүргүзүү үчүн төмөндөтүлгөн комиссияларды сунуштайт.

Бул тарифке жарандыгына карабастан, каалаган өлкөнүн университеттеринде окуган студенттер кошула алышат. Кардардын жашы 18 жаштан кем болбошу керек.

Тарифке кошулуу үчүн университетте окуп жатканын тастыктаган жарактуу документти көрсөтүү жана Freedom Broker компаниясында брокердик эсепке ээ болуу зарыл. Эгерде брокердик эсеп жок болсо, аны Tradernet.kg тиркемеси аркылуу онлайн ачууга болот.

Тариф кошулган күндөн тартып бир жыл бою күчүндө болот. Инвестициялык портфелдин минималдуу өлчөмүнө чектөө коюлган эмес, ошондуктан инвестициялоону каалаган сумма менен баштоого болот.

Фондулук рыноктордогу төмөндөтүлгөн комиссиялар

NYSE, NASDAQ, LSE, Xetra жана HKEX эл аралык соода аянтчаларында комиссия бүтүмдүн суммасынын 0,1%ын түзөт. Мындан тышкары, ар бир баалуу кагаз үчүн $0,012 жана толук же жарым-жартылай аткарылган ар бир буйрук үчүн $1,2 комиссия алынат.

Опциондор менен операцияларды жүргүзүү үчүн комиссия бир бүтүмгө $10 жана ар бир контракт үчүн кошумча $3 түзөт.

«Студенттик» тарифинин максаты— студенттерге фондулук рынокто алгачкы практикалык тажрыйба топтоого, ошондой эле инвестициялоо жана жеке каржыны башкаруу боюнча негизги билимдерди өздөштүрүүгө атайын шарттарды түзүү.

Тариф тууралуу кененирээк маалыматты 7555 номери аркылуу алууга болот( чалуу акысыз).

Башкы бет

Freedom Broker Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек ш.,

Ч. Айтматов пр., 243, «А Плюс» бизнес борбору, 9-кабат

+996 312 911-989  Кыргызстанда шаардык телефондордон акысыз, эл аралык жана мобилдик телефондордон - акы төлөнөт

7555 *Кыргызстандагы уюлдук операторлорунан чалуу акысыз, [email protected]

 

 

Бул ресурска карата алдамчылык аракеттер же коопсуздук маселелер болгондо кабарлаңыз: [email protected]

Баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге ээ болуу ар дайым тобокелдиктер менен байланышкан: баалуу кагаздардын жана башка финансылык инструменттердин наркы көтөрүлүп да, төмөндөшү да мүмкүн. Мурунку инвестициялык натыйжалар келечектеги кирешеге кепилдик бербейт. Мыйзамга ылайык, компания келечектеги инвестициялык кирешелерге кепилдик бербейт же убада кылбайт, мүмкүн болгон инвестициялардын ишенимдүүлүгүнө жана мүмкүн болгон кирешенин туруктуулугуна кепилдик бербейт.