“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун акциялардын ээси болгон жарандар үчүн маалымат»

Новости

6 тамыз 2025, 13:25

  • «Кыргызстандын аэропорттору» ААК Сиздерге Коомдун жөнөкөй аттуу акцияларынын алтынчы кошумча чыгарылышын жайгаштыруу тууралуу маалымдайт

 

2025-жылдын 28-апрелинде өткөн акционерлердин кезексиз жалпы жыйынынын чечимине ылайык, жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү максатында 11 402 977 даана жөнөкөй аттуу акция кошумча чыгарылып, бир акциянын номиналдык баасы 424,0657087483876 сом, жалпы суммасы 4 835 611 523,34 сомду түзөт.

Кошумча чыгарылыштагы акциялар жабык (жеке) тартипте жайгаштырылып, 2025-жылдын 28-апрелине карата акционерлер реестрине кирген Коомдун акционерлерине сунушталат.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын чыгарылуучу акцияларын менчик укугунда аларга таандык болгон акциялардын пайызына пропорциялуу санда жабык (жеке) жайгаштыруу жургузулөт.

 Жайгаштыруунун башталышы — ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөн күндүн эртеси башталат.

Жайгаштыруу мөөнөтү — жайгаштыруу башталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде аяктайт.

Акционерлер кошумча эмиссия акцияларын өздөрүнө таандык болгон Коомдун акцияларынын санына пропорциялуу санда,  бир жөнөкөй акция үчүн 424,0657087483876 сом баасында

сатып алууга укуктуу.

Коомдун акцияларын төлөө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жана/же акча каражаттары менен төлөнөт.

 

Бешинчи эмиссиядагы акцияларды сатып алууну каалаган акционерлер толук маалымат алуу үчүн «Фридом Брокер» брокердик уюмуна кайрыла алышат, дареги: Бишкек шаары, Ч. 

Айтматов проспекти, 243, БЦ «A-Plus» (9-кабат). 

байланыш телефондору: 7555

 e-mail: office@ffin.kg.

Башкы бет

Freedom Broker Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек ш.,

Ч. Айтматов пр., 243, «А Плюс» бизнес борбору, 9-кабат

+996 312 911-989  Кыргызстанда шаардык телефондордон акысыз, эл аралык жана мобилдик телефондордон - акы төлөнөт

7555 *Кыргызстандагы уюлдук операторлорунан чалуу акысыз, [email protected]

 

 

Бул ресурска карата алдамчылык аракеттер же коопсуздук маселелер болгондо кабарлаңыз: [email protected]

Баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге ээ болуу ар дайым тобокелдиктер менен байланышкан: баалуу кагаздардын жана башка финансылык инструменттердин наркы көтөрүлүп да, төмөндөшү да мүмкүн. Мурунку инвестициялык натыйжалар келечектеги кирешеге кепилдик бербейт. Мыйзамга ылайык, компания келечектеги инвестициялык кирешелерге кепилдик бербейт же убада кылбайт, мүмкүн болгон инвестициялардын ишенимдүүлүгүнө жана мүмкүн болгон кирешенин туруктуулугуна кепилдик бербейт.